Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча кеңейтилген комитетинин жыйынында Адылбек Касымалиев 2027-жылга карата бюджеттик долбоорду жана 2028-2029-жылдарга болжолдоолорду тааныштырды.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын билдирүүсүнө ылайык, 2027-жылы Ички дүң продуктунун көлөмү 2 триллион 736 миллиард сомдон ашык боло деп күтүлүүдө. Ошондой эле, консолидацияланган бюджеттин жалпы көлөмү 1 триллион 53 миллиард сомду түзөт.
Адылбек Касымалиев мамлекеттин негизги артыкчылыгы социалдык милдеттерди толук аткаруу менен бирге узак мөөнөттүү экономикалык өсүштү камсыз кылуу экенин белгиледи.
Социалдык тармактарга бөлүнгөн каражаттар
Билим берүү жана ден соолукту сактоо тармактары үчүн каражаттар биринчи кезекте кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга жумшалат
Бюджеттин алкагында капиталдык чыгымдар 110,7 миллиард сомду түзөт. Анын 80,7 миллиарддан ашыгы ички булактардан каржыланат. Атап айтканда, Барскоон — Бедель автожолун курууга 17,7 миллиард сом каралган.








