Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, тартип жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети Жогорку Соттун судьясы Кенешбек Токтомамбетовду кызмат ордунан бошотуу тууралуу чечим чыгарды.
Аталган чечимдин негизи катары судьялык кызматта болуунун чектүү жашына жеткени көрсөтүлдү. Маалыматка ылайык, Кенешбек Токтомамбетов 5-ноябрда 70 жашка толгон.
Эми тиешелүү чечим парламенттин кароосуна чыгарылат.
- 2007-жыл
Сот системасына өткөн
- 2017-жыл
Жогорку Соттун судьясы болгон














