Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 17-ноябрда өткөн жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу иштери боюнча маалыматы угулду.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев кырдаалдардын алдын алуу, алардын кесепеттерин жоюу жана куткаруу бөлүктөрүн атайын техника менен камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу билдирди. Ошондой эле, «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркындагы өспүрүмдүн өмүрү кыйылган окуя боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп жаткандыгын белгиледи.
Депутаттардын демилгелери
Жыйын учурунда депутаттар тоодогу коопсуздукту системалуу түрдө күчөтүү зарылдыгын айтышты. Чолпон Эсенаманова мындай кайгылуу окуялардын алдын алуу боюнча суроо берсе, Гуля Кожокулова кооптуу аймактарда туруктуу куткаруу постторун түзүүнү сунуштады.
Депутат Медина Кайрылбекова туристтердин жайгашкан жерин аныктоо үчүн GPS-көзөмөлдөө системасын киргизүүнү жана балдардын чоңдордун коштоосусуз тоо маршруттарына чыгуусуна чектөө коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну көтөрдү.
Ал эми Улан Бакасов жарандарга коркунучтар тууралуу өз убагында маалымат жеткирүү жана маршруттардын коопсуздугун камсыздоо маселесин баса белгиледи.













