Мамлекет башчысы Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп 12 жылдык билим берүү системасына өткөнүн белгиледи.
Бүткүл дүйнө 12 жылдык билим берүү системасы боюнча окуйт. Бул жаатта сиздер бул реформа менен макул болушуңар керек.
Президент окуу китептерин басып чыгарууга 8,5 миллиард сом бөлүү жөнүндө жарлыкка кол койгонун маалымдады.
Документтен
Мен окуу китептерин басып чыгарууга 8,5 млрд сом бөлүү тууралуу жарлыкка кол койдум. Эки жылдын ичинде мектептерди окуу китептери менен толук камсыздайбыз. Эч бир ата-эне китеп сатып албайт. Баары акысыз болот.
Анын айтымында, бул кадам билим берүү системасындагы реформанын алкагында жасалып, ата-энелердин финансылык жүгүн азайтууга багытталган.











