Бишкек шаарында коомдук транспорттун жетишсиздиги байкалууда. Өзгөчө иш сааттарында жүргүнчүүлөр автобустарга сыйбагандыктан, шаарга кошумча транспорт каражаттарын сатып алуу зарылчылыгы келип чыкты. Бул маселе Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында көтөрүлгөн. Түшүндүрмөсү боюнча, бул багыттагы маселени депутат Дастан Бекешев белгиледи.

Депутат эртең мененки жана кечки убакта жүргүнчүүлөрдүн өтө көптүгүнен улам транспортто кыйынчылыктар жаралып жатканын айтып, Бишкек мэри Айбек Джунушалиевден жана Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевден кошумча автобустар сатып алуу пландаштырылып жатканын сурады.

Бишкек мэри Айбек Джунушалиевдин билдирүүсүнө таянса, учурда шаарда 1631 автобус иштеп жатат. Бирок шаардын муктаждыгы боюнча кошумча 1,5 миң техника керек экени белгиленди.

Транспортту жаңылоо боюнча маалымат

500миллион сом
65жаңы автобус

Мэрдин айтымында, автобустарды сатып алуу үчүн бир компания менен тиешелүү келишимге кол коюлган. Жаңы техникалардын биринчи партиясы боюнча төмөнкүдөй маалымат берилди:

  • 20-январга чейин 65 кыска автобус келет
  • Транспорт сатып алуу иштери улантылат

Ошондой эле, коомдук транспорттун жетишсиздиги Бишкек менен гана чектелбестен, Чүй облусунун Сокулук, Аламедин жана Иссык-Ата райондорунда да байкалып жаткандыгы белгиленди.