Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон кезектеги иш сапары учурунда аймактагы бир катар маанилүү объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ӨКМ билдирди.

Өрт-куткаруу бөлүмү

Министр Ысык-Көл районунун Ананьево айылында курулуп жаткан №33 өрт-куткаруу бөлүмүнүн жаңы имаратына барды. Ал жерде курулуш иштерин уюштуруу жана аткаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Мектептердин курулушу

Ошондой эле, Канатбек Чыныбаев Ак-Суу районунун Боз-Учук айылындагы М. Чокуев атындагы орто мектептин жана Токтогул айылындагы А. Сыдыкбеков атындагы орто мектептин курулуш иштерин да көзөмөлдөдү.

Министрликтен белгиленгендей, мектептердин курулушу Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ӨКМ тарабынан ишке ашырылып жаткан ERIK долбоорунун алкагында жүрүүдө. Бул долбоор сейсмикалык жактан туруктуу мектеп инфраструктурасын жаңыртууга жана өлкөнүн жаратылыш кырсыктарына туруктуулугун жогорулатууга багытталган.

ERIK долбоорунун алкагында

23жаңы мектеп курулат
17мектеп оңдолот

Кар көчкү станциясы

Мындан тышкары, Канатбек Чыныбаев Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы «Ала-Тоо Резорт» курорттук аймагында жайгашкан Кыргызгидрометтин кар көчкү станциясынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Объектилерди кыдыруунун жыйынтыгында министр жооптуу кызматкерлерге тиешелүү тапшырмаларды берди.