Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй облусуна иш сапары менен барып, аймактын жергиликтүү бийлиги менен биргеликте селепропуск каналдары жана суу сактоочу курулуштардын абалын калыбына келтирүүгө багытталган аракеттерди күчөтүүнү талап кылды.
Сокулук районундагы Исмаил айылындагы селепропуск каналын текшерип чыккандан кийин министр механизмдердин натыйжалуу иштеши үчүн зарыл чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди.
Москов районунда райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен жыйын өткөрүлүп, мында кызматкерлердин иш-аракеттери жана алдыдагы иш пландары талкууланды. Министр өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды күчөтүүнү эскертти.
Жайыл районундагы №22 өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүндө кызматкерлердин жумуш шарттары каралып, Степное айылындагы Будков суу сактагычында суунун агып кетүүсүнө жол бербөө боюнча жыл аягына чейин биргелешкен чаралар планы иштелип чыкканы белгиленди.
Феодоровка айылындагы ачык дренаж системаларынын жалпы узундугу 2,2 км түзүп, учурдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн жергиликтүү бийлик проекттерди иштеп чыгып жаткандыгы белгиленди.











