Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Тамчы» эл аралык инвестициялык-каржы аймагын түзүү ички каржылык жүгүртүүнү көбөйтүп, инвестицияларды тартып, бюджетке кошумча киреше алып келет деп билдирди. Бул тууралуу ал радио эфиринде айткан.

Анын сөзү боюнча, аталган аймак инвестициялык фонддорду башкаруу жана каржы инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн түзүлүүдө. Ал каржы кызматтарын өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүп, инвесторлор үчүн кепилдиктерди камсыздайт.

Бул аймакта жүгүртүү канчалык көп болсо, бюджетке түшкөн киреше жана дивиденддер ошончолук көп болот.
Данияр Амангелдиев

Амангелдиев Кыргызстан аймакты түзүүдө Гонконг, Абу-Даби, Дубай жана «Астана» эл аралык каржы борбору сыяктуу алдыңкы эл аралык каржы борборлорунун тажрыйбасын эске алып жатканын белгиледи.