ПродуктЭскерүүлөр: 19
Биринчи пикир калтырыңыз
Бишкекте «Жыргалан» тоо лыжа курорту менен «Ала-Тоо Резорт» долбоорун таанытуу максатында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) медиа жана аналитикалык борборлорунун саммити алкагында эл аралык медиа-тур уюштурулду. Бул иш-чарада 25 өлкөдөн келген журналисттер Кыргызстандын тоо кластери долбоорунун азыркы абалы менен таанышып, өлкөнүн туризмин өнүктүрүү планы тууралуу маалымат алышты.

Президент Садыр Жапаров "Ала-Тоо Резорт" долбоорун жүзөгө ашырууга байланыштуу Жыргалан участогундагы лыжа трассаларын куруу жана пайдаланууга берүү иштерин 1-декабрга чейин бүтүрүү тууралуу жаңы чечимге кол коюп берди. Бул тапшырма өкмөт тарабынан ылдамдык менен аткарылышы зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык жана куткаруу объектилеринин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министр жаңы өрт-куткаруу бөлүмүн, эки мектепти жана кар көчкү станциясын кыдырды.
Бул объект жөнүндө бир нерсе билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Окурмандардын баасы жана белгилеген плюстары — ЖМК тонунан өзүнчө.
Мындай баадагы пикирлер жок.
Азырынча пикир жок. Биринчи болуп калтырыңыз!
Кырлар — бир Story ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.