Бүгүн, 29-октябрда, Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнө атайын техника — автогрейдер жана экскаватор тапшырды. Бул тууралуу облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, техника «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун каражатына сатылып алынган.
Тапшыруу аземинин жүрүшүндө облус башчысы техниканы натыйжалуу пайдалануу, аны тийиштүү абалда кармоо жана узак мөөнөткө кызмат кылуусун камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи.
















