Кыргызстандын Ат-Башы районунда күн энергиясын колдонгон көчөлөрдү жана жолдорду жарыктандыруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Нарын облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирет.

Облустун башчысы Нурбек Сатораев Ат-Башы районундагы жумуштар менен жеринде таанышып чыкты. Ал 3,5 километр аралыктагы Ат-Башы - Ача-Кайынды жолунда райондук өнүктүрүү фонду тарабынан орнотулган күн фонарларын көрүп, баалады.

Ошондой эле Сатораев «Тенир-Тоо» өнүктүрүү фонду аркылуу сатып алынган күн фонарлары Баш-Кайынды айыл аймагынын ички көчөлөрүнө орнотулганга даяр экенин текшерип чыкты.

Күн энергиясы менен иштеген бул жарык системалары электр энергиясына сарптоолорду азайтып, бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө шарт түзөт. Мындан тышкары, түн күүсүндө айылдык жолдорду жарыктандырып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга түрткү берет.