Нарын облусунда Куланак ГЭСинин жана суу буруучу каналдын курулушуна байланыштуу Нарын — Баетов автожолунун тилкесине жаңы жол жана көпүрө курулууда.
Иштер жолдун 33-чү километринен 38-чи километрине чейинки аралыкта, Куланак жана Достук айылдарынын ортосунда жүргүзүлүүдө. Курулуштун жүрүшү менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров жеринде таанышты.
Жол чарба департаментинин №2 аймактык бөлүмүнүн башчысы Асылбек Чойбеков учурдагы иштер, курулуштун этаптары жана аларды аяктоо мөөнөттөрү тууралуу маалымат берди.
Жыйынтыгында Нурбек Сатаров курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, иштерди белгиленген мөөнөттө жана талаптарга ылайык бүтүрүүнү тапшырды.










