Баткенде муниципалдык автобазага жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Техника тапшырылышынын аземине облус өкүлү Мамыржан Рахимиев, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Техника Баткен облусун өнүктүрүү фондунун каражаты менен мамлекеттик лизинг компаниясынын жардамы менен алынган.

Тапшырылган техниканын арасында эки экскаватор, фронталдык жүктөгүч, Hyundai Porter жүк ташуучу унаасы жана «Желмаян» атайын техникасы бар.

Бул техникалар шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, жолдорду оңдоо жана башка муниципалдык тапшырмаларды аткарууда колдонулат.