Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд өткөрүштү. Рейддин жүрүшүндө жырткыч куштарды кармоо үчүн тор орнотуп, жем катары көгүчкөндөрдү пайдаланган жарандар аныкталды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын жана жапайы жаныбарларды коргоо багытындагы рейддерди улантарын билдирип, жарандарды экологиялык мыйзамдарды сактоого жана жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырат.
Аталган мыйзам бузуу боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык, 12 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Рейддин жыйынтыгы
Ошондой эле бир тор алынып, жем катары колдонулган 10 көгүчкөн эркиндикке кое берилди. Рейддин жүрүшүндө жырткыч куштар табылган жок.

















