Аламудун районундагы Кашка-Суу аймагында жайгашкан Ак-Таш тоо чарбаларынын аймагына унаа менен чыгуунун тыюу салынганын билеткен кызматкерлер рейд жүргүзүшкөн.

Рейд учурунда бир нече жарандардын транспорттору тоо чарбасына барганы үчүн 10 административдик протокол түзүлүп, жалпы 55 миң сом айып пул салынды.

Табигый ресурстар министрлиги жарандарды чөйрөгө кылдат мамиле кылууга жана тоо чарба жайларын өз максатында гана пайдаланууга чакырат.