Талас районунун Чон-Токой айылында 23-июнда 2026-жылы агымга агылып кеткен Тимур уулу Байэла издөөлөргө алынган. Учурда издөө иштерине 100дөн ашык адам тартылып, анын ичинде МЧСтин Талас облусундагы башкармалыгынын 7 кызматкери, Талас районунун 16 куткаруучусу, Талас шаардык бөлүмүнөн 15 куткаруучу, Айтматов районунун 16 куткаруучусу, Чек ара кызматынын 4 кызматкери жана 30го жакын жергиликтүү тургундар катышууда.
Издөө иштерин баштоо алдында бардык катышуучуларга коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча инструкция берилген. Куткаруучулар издөө иштерине 08:40та киришкен.
Тимур уулу Байэла 23-июнда дарыяга кулап агымга агылып кеткенден бери аракеттер үзгүлтүксүз уланууда. Мындан кийин да издөө иштерин улантуу пландаштырылууда.


