Ала-Арча тоолуу аймагында Амирди издөө боюнча жүрүп жаткан иш-чаралар күчөтүлдү. Издөө иштерин натыйжалуу жүргүзүү үчүн милициянын кошумча кызматкерлери тартылды.

Nomad медиасынын билдирүүсүнө ылайык, издөө иштерине дагы 50 кызматкер кошулду. Алар мурда дрондор жана куткаруучулар тарабынан текшерилбей калган аймактарды кыдырып, издөө иштерин жүргүзөтө турган.