Нарын облусунун Ат-Башы районунда мыйзамсыз аңчылык кылынгандыгы тууралуу маалыматтар түштү. Аталган окуя боюнча эки адам жапайы койдун череп жана мүйүздөрүн аттын үстүнө байлап ташып бара жаткан учурда кармалган.

Нарын облустук ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 13-ноябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Ак-Сай өрөөнүндөгү Таш-Кокту участогунда текшерүү жүргүзүп жаткан.

Текшерүү учурунда эки жарандын аттын ээрге байланган жапайы койдун череп жана мүйүздөрүн ташып бара жаткандыгы аныкталган. Бул адамдарда андай жүктү ташууга укук берүүчү эч кандай документтер болгон эмес.

Учурда окуя боюнча тиешелүү акт түзүлүп, материалдар Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Маалымат кылмыштардын электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн табылган жаныбардын черепине соттук-зоологиялык экспертиза дайындалды. Милиция азыркы учурда жапайы койдун калдыктары кайдан келгенин жана мыйзамсыз аңчылыктын кандай шарттарда болгонун аныктоо үстүндө иштеп жатат.