Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүндө жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, анын кесепетинен айланасында токтоп турган унаалардын айнектери талкаланды.
Күбөлөрдүн айтымында, дөңгөлөк жарылганда учуп кеткен таштар "Kia Carnival", "Odyssey", "Honda Step" жана "Subaru" унааларынын айнектерин талкалады.
Жергиликтүү дүкөндүн жанында токтоп турган унаалар жабыркап, окуядан видеотасмалар алынган.










