Ысык-Көл облусунда электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган системасын киргизүү иштери дээрлик аяктады. Бул модернизациялоо иштеринин алкагында аймактагы абоненттерге акылдуу эсептегичтер орнотулууда.

Абоненттердин көрсөткүчтөрү

121 460абонентке орнотулду
124 429жалпы абоненттердин саны
98%жаңылоонун деңгээли

Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын маалыматы боюнча, учурда орнотуу иштери убактылуу жашоочулары жок үйлөргө, ошондой эле Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы алыскы мал чарба кашарларына багытталган. Жаңы система электр энергиясынын сарпталышын автоматтык түрдө каттап, маалыматтарды онлайн режимде өткөрүп берет.

Жаңы технологиянын аркасында абоненттер «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу үйүнөн чыкпай эле эсептелген сумманы көрүп, төлөмдөрдү жүргүзө алышат. Бул эсепке алуунун тактыгын жогорулатуу менен бирге, кол менен жүргүзүлүүчү иштерди кыскартууга жана кызматтын сапатын жакшыртууга шарт түзөт.