Жогорку Кенештин депутаты Гүлү Кожокулова Бишкек шаарындагы жол кыймылынын коопсуздугу боюнча кырдаал өтө олуттуу экенин белгиледи. Анын айтымында, борбор шаардын тургундары жолдордо гана эмес, тротуарларда да өмүр жана ден соолук үчүн туруктуу коркунуч менен беттешүүдө.

Парламенттин жыйынында сөз алган депутат жол кырсыктары тууралуу билдирүүлөрдүн көбөйүп жатканына, анын ичинде жөө жүрүүчүлөрдү чапкылап кетүүдөн адамдар каза болуп жатканына көңүл бурду.

Күн сайын маалыматтык каражаттарда аялдарды чапкылап кеткендиги же жөө жүрүүчү өтмөктөрдөн адамдардын өлүмү менен аяктаган кырсыктар тууралуу жаңылыктар чыгып жатат. Биз тынч убакта жашап жатабыз, бирок күн сайын коркунучтуу окуялар болуп жатат. Жөө жүрүүчүлөрдүн да, айдоочулардын да курмандыктары жана жаракат алгандары абдан көп! Буга ким жооп берет?
Гүлү Кожокулоа

Депутат борбор шаардагы жол кыймылынын коопсуздугу үчүн мэриябы же Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкпы — ким жооптуу экенин сурады.

Ошондой эле Гүлү Кожокулова электросамокаттардын жана мопеддердин кыймылын жөнгө салуу боюнча натыйжалуу чаралардын жоктугун сынга алды. Шаардык тургундардын тынчсыздануусу өсүп жатканына карабастан, Бишкек шаардык кенешинин депутаттары жана кызматкерлери тиешелүү чечимдерди кабыл албай жатышат деп белгиледи.

Документтен

«Жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамы кырдаал талап кылган учурда чектөөлөрдү же тыюуларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырат.