Акыркы чейрек кылымда Кыргызстанда илбирстин саны эки эседен ашык өстү. Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун (УСДИ) маалыматы боюнча, 2000-жылы өлкөдө бул сейрек кездешүүчү жырткычтын 150дөн 200гө чейин гана башы болгон. Ал эми бүгүнкү күндө министрликтин баалоосу боюнча, бийик тоолуу экосистемаларда 450дөн 550гө чейин илбирс жашайт.

Илбирстин санынын өсүшү

2000жылы болжолдуу саны
150–200баш
2025жылы болжолдуу саны
450–550баш

Сактоо чараларынын натыйжасы

Эл аралык эксперттер жаратылыштагы оң өзгөрүүлөрдү мамлекеттик коргоо чараларынын күчөтүлүшү жана браконьерликке каршы мыйзамдык тоскоолдуктар менен байланыштырышат. Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды мыйзамсыз атууга кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган. Мындан тышкары, илбирсти жок кылган браконьерден жаратылышка келтирилген зыян үчүн 2 миллион сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлөт.

Кыргызстандын илбирс популяциясын калыбына келтирүүдөгү тажрыйбасы дүйнөлүк ийгиликтүү мисал катары таанылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Эл аралык таануу

ЮНЕПтин чечими Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо аракеттеринин эл аралык деңгээлдеги маанисин дагы бир жолу ырастады. Өлкөнүн бийик тоолуу аймактары илбирс үчүн туруктуу жашоо чөйрөсү болуп саналат жана аларды коргоо боюнча комплекстүү чаралар өз натыйжасын берүүдө.