Нарын шаарында 30дон ашык ички көчөнү оңдоо жана тегиздөө иштери жүрүүдө. Мэрия тарабынан бул иштерге 10 миң куб метр балласт камынып даярдалган.

Ондоо иштери биринчи болуп Бактыгулова көчөсүнөн башталды. Көчөлөр балласт менен толтурулуп, атайын техника колдонуу аркылуу жолдун бети тегизделүүдө.