Нарын облусунун Ак-Тал районунда Нарын – Баетов автожолунун аймагында жол куруу иштери активдүү уланууда.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, жолдун жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн участокта асфальттын экинчи катмары 25 чакырымында төшөлүп бүттү.

Жол куруу иштерин Дорожно-строительное управление №1 жүргүзүп жатат.

Калган участкаларда асфальт төшөөгө даярдык иштери жүргүзүлүүдө.