Кыргызстандагы балык чарбалары өстүрүлүүчү балыктын түрүнө жараша экиге бөлүнөт: форель чарбалары жана көл/суу сактагычтарда карп, сазан жана толстолобик өстүрүүчү чарбалар. Форель өстүрүүчү ишканалардын саны болжол менен 120дөн 130га чейинди түзөт.
Балык чарбаларынын саны
Эркин Бакировдун айтымында, форель өстүрүүчү көптөгөн ишканалар Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан. Кыргызстандын форели таза сууда өскөндүктөн, чет өлкөлөрдө да белгилүү.
Ал эми карп, сазан жана толстолобик сыяктуу жылуулукту сүйгөн балык түрлөрүн өстүрүүчү чарбалар өлкөнүн ар бир долинесинде жана облусунда, анын ичинде Талас, Тон жана Өзгөн сыяктуу аймактарда иштеп жатат.









