Серикжан Бактыкожо уулу 1996-жылы Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында туулуп, ушул жерде жашайт. Ал К.Тыныстанов атындагы университетте жана К.Каракеев атындагы айыл чарба техникумунда ветеринардык окуусун бүткөн. 2013-2017-жылдар аралыгында окуп, учурда 9 жылдан бери кесиби боюнча эмгектенип келет.
Серикжан бала кезинен эле ат чарбачылыгы менен алектенген үй-бүлөдө чоңойгон. Апасынын жана атасынын салымдары бар, атасы да ветеринардык кызматтар менен алектенген. Ал кичинесинен аң, мал ооруп калганда жардам көрсөтүүгө аракет кылган жана анын жаныбарларга болгон сүйүүсү ошол замат ишке айланган.
Адис ар бир жаныбарды куткарып калуу өзүнчө бир чоң жетишкендик деп эсептейт. «Ар бир чакыруу — бул өзгөчө окуя», — дейт ал. Ветеринар жаныбарларды багууга жана карай билүүгө кызыккандыктан, көк-бөрү оюну менен алектенүү жана саяпкердик искусствосуна да маани берет.









