Ак-Тал районунда Нарын—Баетов—Макмал жолунун бир нече бөлүгүндө асфальт коюу иштерин жүргүзүү пландалган. Айрыкча Кош-Дөбө айылында 2,5 чакырым, Жерге-Тал айылында 1 чакырым, Чолок-Кайың айылында 2 чакырым, Коңорчок айылынан өткөн жолдо 1 чакырым, Ак-Чий айылынын жактырылган жолунда 3,5 чакырым асфальт төшөлүүдө.
Жергиликтүү тургундар жолдун абалына көптөн бери нааразылыгын билдирип келишет. Алардын айтымында, жолдун көп бөлүгү чаңкап, каттамга кыйынчылык жаратып, жол кырсыктары кобөйгөн. Өзгөчө Ак-Чий айылынын аймагындагы жол оңдоп-түзөө иштери жай жүрүп жаткандыгына байланыштуу көп даттануулар болгон.
Ак-Чий аймагындагы жол батпак болгондуктан, суу агымын жөнгө салуу жана жерди кургатуу зарыл. Бул тендик иштер аяктагандан кийин гана асфальт толук коопсуз жана узак мөөнөттүү болот. Жалпысынан быйыл 10 чакырым жол асфальтталаары күтүлүүдө.













