УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан кылмыш иши боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия Нарын районунда эсепке алынбаган айыл чарба жерлерин аныктады. Инвентаризациялоонун жыйынтыгында жалпы 1346 гектар жер аянты табылган.

Жердин түрлөрү

864,15богарлуу жер
483,85сугат жерлери

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, бул жер участокторунун көбүн жарандар 20 жылдан ашык убакыт бою жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ижара келишимин түзбөстөн, акысыз колдонуп келишкен.

Аталган жерлерди кайрадан айлекке кайтаруу жергиликтүү бюджетке кошумча киреше алып келет деп күтүлүүдө.