Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жер сатылбай турганын, ал эми инвесторлор үчүн ачык экени тууралуу пикирин билдирди.
2020-жылга чейин өлкөнүн жалпы аймагы 199 миң 900 чарчы километр же 19 миллион 994 миң гектар болчу. Мамлекет аралык чек ара такталган соң, аймак 15 572 гектарга көбөйүп, азыркы учурда жалпыга эсептелген аймак 20 миллион 9 миң 572 гектарды түзөт.
Бул аймактын 94,4%ы тоолуу территорияларга туура келет. Агрономиялык пайдалуу жерлердин жалпы аянты 6 миллион 732 миң гектарды түзөт.
Жердин 1 миллион 82 миң гектары жеке менчик болуп, айыл-чарбага колдонулат. Ал эми 18 миллион 698 миң гектар ар кандай максатта мамлекеттик жана муниципалдык менчикке таандык.
Андан сырткары, 18 миллион 639 миң гектар жер мамлекеттик менчикте, 59 миң гектар муниципалдык менчикте турат.
Инвестициялык долбоорлор үчүн бөлүнгөн жерлердин жалпы аянты Кыргызстан аймагынын 0,1% дан азын түзөт. Башкача айтканда, жалпы жердин өтө аз бөлүгү ишканалар, завод-фабрикалар куруу үчүн бөлүнгөн.
Жапаровдун сөзүнө караганда, учурда аталган жерлерде көлөмдүү жана келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатат.




