Сузак жана Өзгөн райондорунда 742,82 гектар аянт социалдык-экологиялык изилдөөгө алынууда. Бул аймактар 2027-жылы токой, ошондой эле жемиш бактарын түзүү максатында пайдаланууга пландалууда.
Сузак районунда 471,12 гектар, Өзгөндө 271,70 гектар аянт текшерилип жатат. Адистер жердин абалын, суу жеткиликтүүлүгүн, жерди пайдалануу шарттарын, инфраструктураны жана отургузууга даярдыгын баалоодо.
Ошондой эле экологиялык жана социалдык тобокелдиктер аныкталып, аларды алдын алуу чаралары белгиленүүдө. Иш-чараларга ФАО адистери, токой чарба кызматкерлери, айыл өкмөттөр, райондук мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү коомчулук катышууда.
2026-жылдын жазында Өзгөн, Сузак, АК-Талин жана Тогуз-Торо райондарында 400 миңден ашык токой жана жемиш бактарынын көчөттөрү 500 гектардан көп аянтка отургузулган.
CS-FOR долбоорунун алкагында, Жашыл климат фондунун каржылоосу менен жүргүзүлүүдө. Анын максаты токойлорду калыбына келтирүү жана аймактарды климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кылуу болуп саналат.









