1963-жылы 26-майда төрөлгөн Алтынкуль Мамбетова жаш кезинен эле кол өнөрчүлүккө кызыгып, жашоодогу кыйынчылыктарга карабай, өз кесибин өнүктүрүүгө умтулган. Ал көп жылдар бою кийим тигип, байпак жана кол каптарды токуп келет.
Мастер өзүнүн тажрыйбасы тууралуу айтса, тигүү иштеринин дээрлик бардык түрүн билээрин белгиледи. Ал көйнөк, юбка тигип, балдарга жана жакындарына токулган кийимдерди жасап берип келет.
Алтынкуль Мамбетова 56 жашынан баштап токуу өнөрүн өзгөчө терең өздөштүрүп, бул багытта көп эмгектенген. Ал балдарын токулган кийимдер менен өстүргөнүн жана кыздарына берүү үчүн керектүү буюмдарды даярдап келгенин айтты.
Мындан тышкары, ал айылдагы башка аялдар менен биргеликте улуттук ширдактарды жасап, кыргыздын улуттук мурасын сактоого салым кошуп келет.













