Алдамчылар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине чалууларды жасап, өзүн Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов катары тааныштырышат. Алар кызматтык маселелерди чечүү үчүн акча талап кылууда.
Аскат Алагозов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында белгилегендей, белгисиз адамдар WhatsApp аркылуу билдирүүлөрдү да жөнөтүп жатышат. Алар кадрдык дайындоо, кызматкерлерди которуу жана башка кызматтык маселелерге көмөк көрсөтүүнү убада кылышат.
Мен кадрдык дайындоо, кызматтык жана чарбалык маселелерге кийлигишпейм. Мен «мындайды же тигини кызматка дайындайм» же «кимдир бирөөнү башка жумушка которуп берем» деген сыяктуу убадаларды бербейм жана эч кимден акча талап кылбайм.
Президенттин басма сөз катчысы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине мындай чалууларга жана билдирүүлөргө ишенбөөнү суранды.
Менин атымдан чалып жаткан же жазып жаткан адамдарга ишенбегиле! Булар алдамчылар жана аферисттер. Сак болуңуздар!
Алдамчылардын аракеттери жөнүндө маалымат укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.














