Жаңы токтомго ылайык, жогорку технологиялык тармактар үчүн жеңилдетилген төлөм механизми түзүлөт. Бул өзгөрүүлөрр инвестицияларды тартууга жана аймакты өнүктүрүүгө багытталган.
Майнинг, виртуалдык активдер, дата-борборлору, программалык камсыздоо жана жасалма интеллект тармагында иштеген компаниялар үчүн негизги талап — алар электр энергиясын өз алдынча өндүрүшү же улуттук электр тармагына туташпай, импорт аркылуу камсыз кылышы керек.
Мындай ишканалар үчүн төлөмдөр иш жүзүндө колдонулган электр энергиясынын баасы боюнча эсептелет. Төлөмдөрдүн өлчөмү төмөнкүдөй болот:
Электр энергиясынын баасы боюнча төлөмдөр
Ал эми «Нарын» эркин экономикалык зонасынын кадимки субъекттери үчүн иш жүргүзүү укугу үчүн акы, товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргызстандын ичинде жана тышында сатуудан түшкөн кирешенин 1 пайызын түзөт.







