Ат-Башы райондук ветеринардык башкармалыгынын маалыматына ылайык, жайлоолордо малдын ден соолугун сактоо жана ветеринардык туруктуулукту камсыздоо үчүн өзгөчө көзөмөл чаралары колдонулууда.
Арпа, Ак-Сай жана башка алыскы жайлоолордо тынымсыз ветеринардык көзөмөл жүргүзүү үчүн атайын мобилдик ыкчам топтор уюштурулган. Алардын курамына ветеринардык башкармалыктын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери жана жеке ветеринарлар кирген.
Алыскы тоолуу аймактарда ыкчам ветеринардык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн мобилдик топтор бардык керектүү шарттар менен камсыздалган. Аларга жолсуз жерлерде жүрүүгө ылайыкталган атайын унаалар, жетиштүү көлөмдөгү күйүүчү-майлоочу материалдар, ошондой эле шашылыш жардам жана профилактика үчүн ветеринардык дары-дармектер менен вакциналар берилген.
Мындан тышкары, оорулардын жайылышына жол бербөө максатында туруктуу мониторинг жүргүзүлүп турат.
Жакында атайын түзүлгөн топ Арпа жайлоосуна барып, малчылардын малынын абалын жана жалпы ветеринардык кырдаалды жеринде текшерген. Ошол эле учурда, дагы бир мобилдик топ Ак-Сай өрөөнүндөгү жайлоолорду кыдырып, малдын абалын жана эпизоотиялык кырдаалды көзөмөлдөн өткөргөн.


