Айжан Эргешова бир жылдын ичинде ат минүүгө жаңы келген адамдан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга жетишкен каскадёрго айланды. Кесиби боюнча журналист болсо да, анын чыныгы жашоосу ат спорту жана каскадёрлук өнөр менен байланышкан.

Айжан 2002-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Балалыгын Россияда өткөрүп, акыркы он жылдан бери Бишкекте жашайт. Ал Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Аттарды сүйүү кызга дароо эле келген эмес. Баары Чоң-Кеминге ат минип эс алууга баргандан кийин башталган. Ошондо ал чаап барууну абдан каалаган, бирок уюштуруучулар тажрыйбасынын жоктугунан улам уруксат беришкен эмес. Дал ошондо Айжан ат минүүнү профессионалдуу түрдө үйрөнүүнү чечкен.

Ал ар кандай ат клубдарына бара баштап, ал жерде акырындык менен ат минүү өнөрүн өздөштүргөн. Кыздын биринчи устаты Арашандагы ат клубунан Тимур байке болгон.

Машыгууну жаңы баштаганда аттардан абдан коркчумун. Ат кулагын кыймылдатканда же башын мага бурса эле дүрбөлөңгө түшчү элем. Бирок бул керемет жаныбарларга болгон сүйүүм коркуудан күчтүү болуп чыкты. Устатыма ыраазычылык билдирем, анткени ал аттардын жанында өзүмдү ишенимдүү сезгенге, ээрде туура отурганга жана ат минүүдөн чыныгы ырахат алганга үйрөттү.
Айжан Эргешова

Ал чаап минүүгө бир жыл мурун, 23 жашында үйрөнгөн.

Айжандын жашоосундагы чыныгы бурулуш 2026-жылдын мартында болгон, машыктыруучу Баатыр уулу Бахтияр аны «Ат оюндары» федерациясынын каскадёрлор командасына чакырган. Ошондон бери ал параддарга катыша баштаган.