Кыргызстанда 1 500гө чукул ветеринар адистерди камтыган «Мал Аман» аттуу мамлекеттик ишкана түзүлөт.

Ветеринарлар вакцинациялоо жана анализ топтоо иштерине акы алышат.

Андан тышкары, жаныбарларды дарылоо жана операцияларды жасоо үчүн кошумча төлөм алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Бул тууралуу айыл чарба министринин биринчи орун басары билдирген.

Маалыматка ылайык, ветеринарлардын айлык маянасы 100 миң сомго чейин болуусу күтүлүүдө.