«Доолот Курулуш» компаниясына тиешелүү көптөн бери курулбай турган объектилердин курулуш иштери 10-августтан тарта башталат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Министрликтин аракеттери

Курулуш министрлигинин башчысы Нурдан Орунтаев үлүш ээлери менен жолугушууда «Доолот Курулуш» компаниясынын негиздөөчүсү Максат Чунуев мамлекетке өткөрүп берүү боюнча керектүү документтерге кол коюудан баш тарткандыктан, бул маселеге прокуратура органдары тартылганын айтты. Максат Чунуев учурда камакта.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын февраль айында башталган иштин натыйжасында «Базис-М» компаниясынын үлүшүнүн 99 пайызы Курулуш министрлигине караштуу курулуш дирекциясына өткөрүлүп берилген.

Эми башкы милдет — курулушту баштоо. Бүгүнкү күндө инвестор тартылып, керектүү курулуш материалдары жана жабдуулар жеткирилип жатат. Ошондой эле адистештирилген инженердик-техникалык курам тартылат. 10-августтан тарта курулуш иштерин баштайбыз.