Министрдин айтымында, QR-код Курулуш министрлигинин сайтына алып барат, ал жерден объект жөнүндө керектүү маалыматты, анын ичинде жер тилкесине документтерди, экспертизаны жана долбоорлоого уруксаттарды көрүүгө болот.
Мындай текшерүү ыкмасы жарандарга курулуштун мыйзамдуулугу тууралуу маалымат алууну жеңилдетип, көптөгөн документтерди өз алдынча изилдөө зарылчылыгынан куткарышы керек.
Инспекторлор боди-камераларды колдонушат
Мындан тышкары, министрлик курулушту контролдоо системасын реформалап жатат. Тактап айтканда, инспекторлор текшерүүлөрдү жана кызматкерлердин курулуш аянтчаларындагы аракеттерин каттоо үчүн боди-камераларды колдонууга милдеттендирилди.
Ведомство ошондой эле коопсуздук техникасына, техникалык көзөмөлгө жана объекттердеги тартипке карата талаптарды күчөтүүдө.
















