Иш-чара А. Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде өткөрүлдү. Катышуучуларга жергиликтүү иш берүүчүлөрдүн бош кызмат орундары сунушталды, ошондой эле алар түздөн-түз иш берүүчүлөр менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жарманкеге жергиликтүү бизнестин өкүлдөрү катышты. Атап айтканда, «Өзөн Ата» сыр заводунун жетекчиси жана «Алтын Альянс» компаниясынын өкүлү жаштарга ишке орношуу шарттары, жумушка кабыл алуу тартиби жана эмгек акынын өлчөмү тууралуу маалымат беришти.

Катышуучулар ошондой эле жеткиликтүү вакансиялар тууралуу маалымат алып, иш берүүчүлөргө кызыктырган суроолорун берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.