Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, муниципалдык «Бишкекзеленстрой» ишканасынын адистери борбор калаанын бардык райондорунда жашылдандыруу объектилерине санитардык кыркуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Кыркуу учурунда негизги сөңгөктүн күчүн тартып, даракты алсыратуучу жапайы бутактар алынып салынат. Кесилген жерлер дарактарды ар кандай илдеттерден сактоо үчүн атайын боёктор менен сырдалат.

Алынган жапайы бутактар жана майда чырпыктар таштанды катары ыргытылбастан, жер семирткичке айландырылат. Ири сөңгөктөр жана жыгач калдыктары болсо муктаж үй-бүлөлөргө берилет.

Кургак дарактарды жоюу боюнча иш-чаралар

Мындан тышкары, «Бишкекзеленстрой» көп жылдардан бери шаардагы адамдардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган кургаган, жарактан чыккан дарактарды аныктап, жоюп келет. Катуу шамалда мындай дарактар кулап, жарандарга, турак жайларга жана башка мүлктөргө зыян келтириши мүмкүн.

Авариялык дарактар боюнча катталган учурлар

702023-жылы катталган учурлар
1252024-жылы катталган учурлар
532025-жылы катталган учурлар
382026-жылы бүгүнкү күнгө чейин катталган учурлар

Статистика көрсөткөндөй, 2024-жылы авариялык дарактар боюнча каттоо 125 учурга жетип, эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгон. Бирок профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында 2025-жылы бул көрсөткүч 53кө түшкөн. Бул багыттагы алдын алуу иштери уланууда.

Дарактарга туруктуу кам көрүү

Дарактар жылына эки жолу — жазында жана күзүндө кам көрүүгө муктаж. Туруктуу багуу жүргүзүлбөсө, дарактардын иммунитети начарлап, алар тез-тез ооруп, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө чыдабай калышат.