Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги астында Бишкек шаарындагы курулуш аянтчалары санитардык талаптарга, айрыкча Аянтчаларды коопсуздук үчүн тосуу, караңгыда жарык берүү, техниканын дөңгөлөктөрүн тазалоо боюнча катуу көзөмөлгө алынды.

Текшерүү учурунда 18 компанияда кемчиликтер аныкталды: курулуш аянтчалары жетиштүү тосулган эмес, коргоочу навес жана тосмолор жок, жөө адамдар үчүн коопсуздук сакталган эмес, сырткы жарык орнотулбаган, кире берүүлөр даяр эмес жана техника, автоунааларды жуулоочу жайлар жок болгон.

Ошол кемчиликтер боюнча ОсОО «Элемент Стиль» компаниясына 200 миң сом айып пул салынды. Анын курулуш иштери толук кемчиликтер жоюлмайынча токтотулду.

Дагы 17 курулуш компаниясына кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди. Ал жерде да иш токтотулуп, кемчиликтер толугу менен жоюлмagunча улантылбайт.

Кемчиликтер табылган айрым объектилер

  • Бакаяева көчөсү, 37 – 9 кабаттуу турак үй
  • Репина көчөсү, 215 – 12 кабаттуу турак үй
  • М. Абдраева көчөсү, 206 – 5 кабаттуу турак үй
  • Ак-Шыйрак көчөсү, 46 – 10 кабаттуу турак үй
  • Жайыла Баатыра көчөсү, 62 – ресторан
  • Гагарин көчөсү, 104 – банкет зал
  • Ветеринарная көчөсү, 14 – 8 кабаттуу турак үй
  • Победы проспекти, 404, 406 – 8 кабаттуу турак үйлөр

Мындан тышкары аталган министрлик курулуш аянтчаларындагы санитардык нормалардын сакталуусу жана калк үчүн коопсуздук чаралары боюнча рейддерди улантууда.