Чүй облусундагы 25 курулуш объектиси текшерилип, курулуш тармагындагы мыйзамдарды аткаруу боюнча бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Текшерүү иштерин КРнын Курулуш, архитектура жана турмуш куруу министрлиги жүргүздү. Алар уруксат кагаздарынын жана долбоордук документациянын бар-жогун, курулуш иштеринин бекитилген долбоорго шайкештигин жана курулуш эрежелерин сактоо жагдайын текшеришти.
Текшерилген объекттерге бетон-раствордук түйүндөр, асфальт-бетон заводу жана майдалоо-сорттоо комплекстери кирет.
Ошондой эле, "Арал-Боом" мамлекеттик ишканасы, "Мостострой отряд" мамлекеттик ишканасы, "Авира Групп" ЖЧКсы, "Бишкек Инвест" жана "Бишкек Дистрибьюшн" ЖЧКларына жалпы 1 миллион сомдон ашык айып пул салынды.
Айып пул салынган компанияларга мыйзам бузуу фактыларын жоюу боюнча белгиленген мөөнөттө жүргүзүлүүчү кат түрүндөгү тапшырмалар берилди.





