Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин айтымында, мыйзамсыз курулган объектилер боюнча масштабдуу иш жүргүзүлүп, жарандарга турак жайларын расмий каттоого жана пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Белгилүү болгондой, республиканын аймагында 200дөн ашык мыйзамсыз курулуш объектисин жана курулуш иштери толугу менен токтотулган 40тан ашык объектини аныктадык. Мыйзамсыз объектилер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды, алардын 190га жакынын легалдаштырдык. Бүгүнкү күндө бул үйлөрдө жарандарыбыз жашап жатышат.
Нурдан Орунтаев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри

Курулуу мөөнөтү токтотулган объектилерге келсек, ведомство үлөшчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн кризиске каршы кийлигишүү механизмдерин колдонууда.

Көп жылдан бери бүтпөй жаткан курулуштар боюнча тышкы башкарууну киргизүү чечимин кабыл алып жатабыз. Бул компанияларды курулуш иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө жана курулушту аягына чыгарууга милдеттендирүүгө мүмкүндүк берет. Мындай объектилердин ири мисалдарынын бири катары "Доолот курулуш" курулуш компаниясын атасак болот.
Нурдан Орунтаев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри

Негизги көрсөткүчтөр

200+мыйзамсыз курулуш объектиси
190легалдаштырылган объект
40+көп жылдан бери бүтпөй жаткан курулуш