Кочкор-Атада жаңы нефтеперерабатывающий заводдун курулушу башталды. Бул долбоорго 25 миллион долларлык каражат бөлүнүп, инвесторлор менен өкмөт ортосунда келишим түзүлдү.
Завод жылына 450 миң тоннага чейин нефтьти кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу. Анда бензин, дизель күйүүчү май, битум жана мотор майлары өндүрүлөт.
Ишкананы ишке киргизүү менен 300дөн ашык жумуш орду түзүлөт деп күтүлүүдө. Алардын 90% жергиликтүү калкка багытталган.
Өкмөт долбоордун ийгиликтүү ишке ашаары үчүн бардык шарттарды түзүп, мыйзам чегинде колдоо көрсөтөт. Заводдун биринчи этабы 2026-жылдын аягына чейин ишке кирүүгө пландаштырылууда.







