Кыргызстанда ишкерлерге мамлекет тарабынан инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүлүп, жагымдуу шарттар түзүлүүдө. Бул, өз кезегинде, өлкө жергесинде жаңы өндүрүштөрдүн ачылышына жана аларды өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Текстиль тармагы өлкөдө активдүү өнүккөн тармактардын бири болуп эсептелет. Буга кошумча, Токмок шаарында жаңы демилгелерди ишке ашырууну пландаган «Алдос Текстиль» ишканасы чоң долбоорду баштоо алдында.

Компания 2024-жылдын октябрь айында 31 гектар аянтты ижарага алып, учурда курулуш-курак иштерин жигердүү жүргүзүүдө. Долбоордун жалпы көлөмү 1 млрд 700 млн сомду түзөт.

Бул ишкананын ачылышы менен 400дөн 500дөй жаңы жумуш орундары түзүлөт деп күтүлүүдө. Андан тышкары, өндүрүш келишимдерди ички жана тышкы базарлар үчүн аткарып, продукциясын сатууга ниет кылууда.

Ошондой эле компания өз аянтына бир нече башка багыттагы өндүрүштөрдү да жайгаштырууну көздөп жатат. Аларга айнек профили, газоблоктор, модульдүү үйлөрдү өндүрүү кирет. Бул көп тармактуу өндүрүш комплексин түзүп, шаардагы экономикалык турмушту жандантат.