Кыргызстандык балбан Малик Шаваев Астанада (Казакстан) өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда коло байге утту. Бул тууралуу федерация билдирди.
86 килограммга чейинки салмакта коло үчүн беттеште ал орусиялык Ибрагим Кадиевден үстөмдүк кылып, жеңишке жетти.
Турнирдеги жол
Малик Шаваев буга чейин Пуэрто-Рико, Швейцария жана Иран өкүлдөрүн жеңген. Бирок чейрек финалда америкалык Кайл Дейкке утулуп калган. Америкалык балбан финалга чыккандан кийин, Шаваевге коло байге үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгү ачылган. Жубатуучу беттеште ал монголиялык балбанды да жеңген.
Кыргызстандын дагы бир ийгилиги
Ошол эле күнү кыргызстандык дагы бир спортчу Эрназар Акматалиев күмүш байгеге ээ болгон.

















