Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Кыргызстандын курама командасынын өкүлү, эркин күрөш боюнча балбан (70 кг чейинки салмак категориясы) Эрназар Акматалиев чейрек финалда түркиялык Ферхат Кылыч менен күч сынашып, 8:3 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти.
Эми жарым финалда кыргызстандык балбан АКШнын өкүлү Зейн Аллен Резерфорд менен беттешет. Жеңүүчү финалга чыгып, алтын медаль үчүн күрөшөт.
Белгилей кетсек, дүйнө чемпиондугу Казакстандын борбору Астанада өтүүдө.
























