ИнсанЭскерүүлөр: 13

Астана шаарында 24-октябрдан 1-ноябрга чейин өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан курамасы эки күмүш, үч коло медаль тагынды. Таймашууга 22 спортчу катышып, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча байгелерди жеңип алышты.

Кыргызстандык спортчу Малик Шаваев күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду. Ал 86 килограммга чейинки салмакта орусиялык Ибрагим Кадиевди жеңди.

Эрназар Акматалиев дүйнө чемпиондугунун жарым финалында америкалык Зейн Аллен Резерфордду жеңип, финалга жолдомо алды. Эртең ал орусиялык Ибрагим Ибрагимов менен алтын медаль үчүн күрөшөт.

Кыргызстандык балбан Малик Шаваев Астанада өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда 1/8 финалга жолдомо алды. Ал 86 килограммга чейинки салмакта швейцариялык атаандашын жеңип, кийинки беттешинде ирандык балбан менен күч сынашат.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.