Кыргызстандык спортчу Малик Шаваев Астанада өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты. Бул тууралуу КР Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 86 килограммга чейинки салмак категориясында кыргызстандык балбан Швейцариянын өкүлү Умар Мавлаев менен кез келип, аны 5:0 эсебинде жеңип, атаандашын лопаткага жаткырган (туше).
1/8 финалда Малик Шаваев ирандык балбан Гасемпур Камран Горбан менен беттеше турган болду.



















