Абдурашит Ташбалтаев Баткен облусундагы Кызыл-Кий шаарындагы социалдык жана стратегиялык объекттердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди.
Текшерүү маалында "Кызыл-Кий жылуулук" муниципалдык ишканасы, үй-бүлөлүк дарыгерлердин топторунун имараттары, шаардык төрөт үйү жана билим берүү мекемелери көзөмөлдөндү.
Негизги көңүл жылытуу системаларынын абалында, күйүүчү май кампаларынын даярдыгында жана социалдык объекттердин үзгүлтүксүз иштөөсүндө кармалды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жооптуу жетекчилерге аныкталган кемчиликтерди мүмкүн болушунча тез арада жоюу жана күз-кыш мезгилин үзгүлтүксүз өткөрүү тапшырмасы берилди.
















